Испаниянын Мадрид шаарындагы Мадрид политехникалык университетинде Cyber4CA долбоорунун алкагында өтүп жаткан профессордук-окутуучулук курам үчүн эл аралык тренингдин үчүнчү күнү киберкоопсуздук боюнча практикалык лабораторияларды өнүктүрүүгө, дисциплиналар аралык билим берүүнү өркүндөтүүгө жана жогорку окуу жайларында CyberLab инфраструктурасын түзүүгө арналды.
Окутуу сессияларын Италиянын Scuola Superiore Sant’Anna университетинин эксперттери өткөрүштү. Программа заманбап интеллектуалдык системалар үчүн киберкоопсуздук билимин өнүктүрүү, бул процесстеги дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдүн ролу жана Пиза инновациялык экосистемасынын тажрыйбасы тууралуу баяндама менен башталды.

Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар киберкоопсуздук боюнча лабораториялык тапшырмаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана билим берүү процессине киргизүү этаптары менен таанышышты. Сабактар катышуучуларга сунушталган тажрыйбаларды өз жогорку окуу жайларында кайра колдонууга жана аларды учурдагы окуу программаларына ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк бере турган форматта уюштурулду.
Ошондой эле киберкоопсуздуктун жана криптографиянын негизги принциптери, лабораториялык эксперименттерди уюштуруу жана теориялык билимди практикалык сабактар менен айкалыштыруу маселелери каралды. Эксперименттер сабактын жүрүшүндө түз аткарылып, катышуучуларга аларды өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Күндүн негизги багыттарынын бири магистрдик деңгээлдеги киберкоопсуздук программалары үчүн баштапкы CyberLab моделин иштеп чыгуу болду. Интерактивдүү сессиянын жүрүшүндө катышуучулар лабораториянын максаттарын, техникалык инфраструктурасын, артыкчылыктуу багыттарын, билим берүү процессиндеги милдеттерин жана аны этап-этабы менен өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Топтор тарабынан иштелип чыккан CyberLab моделдери сунушталып, аларды ишке ашыруунун артыкчылыктары, учурдагы чектөөлөр, техникалык талаптар жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү. Бул иш-чара долбоордун өнөктөштөрүнө өз университеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен практикалык киберкоопсуздук лабораторияларын түзүү боюнча баштапкы концепцияларды иштеп чыгууга шарт түздү.

Күндүн соңунда өткөрүлгөн талкуу жана суроо-жооп сессиясында практикага багытталган киберкоопсуздук билимин өнүктүрүү, лабораториялык сабактарды магистрдик программаларга интеграциялоо жана алынган тажрыйбаны өнөктөш жогорку окуу жайларында колдонуу келечеги талкууланды.
Бул тренинг Cyber4CA долбоорунун алкагында эл аралык тажрыйбага негизделген заманбап жана практикага багытталган киберкоопсуздук билимин өнүктүрүүгө, ошондой эле Борбордук Азиянын университеттеринде CyberLab лабораторияларын түзүү үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түзүүдө.

Жооп калтыруу