Cyber4CA эл аралык тренингинин алкагында долбоордун иш пакеттерин ишке ашыруу маселелери талкууланды

Испаниянын Мадрид шаарындагы Мадрид политехникалык университетинде Cyber4CA долбоорунун алкагында өтүп жаткан профессордук-окутуучулук курам үчүн эл аралык тренингдин кезектеги этабы консорциумдун жыйынына жана долбоордун негизги иш пакеттерин координацияланган түрдө ишке ашыруу маселелерине арналды.

Жыйындын жүрүшүндө долбоордун өнөктөштөрү долбоорду башкаруу жана координациялоо, каржылык процесстер, киберкоопсуздук багытындагы билим берүү программаларын талдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле компетенцияларды жана окутуунун натыйжаларын аныктоо боюнча аткарылган иштерди карап чыгышты.

Талкууларда Борбордук Азиядагы өнөктөш жогорку окуу жайларында колдонулуп жаткан киберкоопсуздук боюнча билим берүү программаларынын учурдагы абалына, аларды заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүгө жана долбоордун алкагында иштелип чыгып жаткан жаңы окуу курстары менен интеграциялоого өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле билим берүү программаларынын мазмунун эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү, так компетенцияларды жана окутуунун натыйжаларын калыптандыруу маселелери боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Консорциум жыйынынын негизги багыттарынын бири CyberLab лабораторияларын жана киберкоопсуздук борборлорун түзүүгө байланыштуу иш-чараларды талкуулоо болду. Бул багытта лабораториялар үчүн зарыл болгон техникалык жабдууларды сатып алуу жана орнотуу, практикалык сабактарды уюштуруу, ошондой эле тиешелүү инфраструктураны этап-этабы менен өнүктүрүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, долбоордун алкагындагы сапатты камсыз кылуу жана мониторинг механизмдери, ички жана тышкы баалоо жол-жоболору, ошондой эле долбоордун натыйжаларын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө боюнча аткарылып жаткан иштер талданды. Долбоордун ишмердигин кеңири коомчулукка жеткирүү, расмий веб-сайтта жана социалдык тармактарда чагылдыруу, маалыматтык жана жарнамалык материалдарды даярдоо, ошондой эле долбоордун натыйжаларын натыйжалуу пайдалануу жана кеңири жайылтуу маселелери да талкууланды.

Практикалык жумушчу сессиянын жүрүшүндө өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү өз жогорку окуу жайларына кайтып келгенден кийин профессордук-окутуучулук курам жана адистер үчүн өткөрүлө турган практикалык тренингдердин баштапкы пландарын иштеп чыгышты. Бул пландар программа учурунда алынган билимдерди жана тажрыйбаларды жергиликтүү деңгээлде жайылтууга, киберкоопсуздук боюнча практикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө жана долбоордун натыйжаларынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

Бул консорциум жыйыны долбоордун өнөктөштөрүнүн ортосундагы милдеттерди координациялоо, аткарылган иштерди талдоо жана келечектеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо үчүн маанилүү аянтча болуп кызмат кылды. Ал Cyber4CA долбоорунун негизги максаттарына жетүүгө, киберкоопсуздук боюнча билим берүүнү өркүндөтүүгө жана Борбордук Азиядагы өнөктөш университеттердин институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Comments

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген