Испаниянын Мадрид шаарындагы Мадрид политехникалык университетинде Cyber4CA долбоорунун алкагында профессордук-окутуучулук курам үчүн өткөрүлгөн эл аралык тренинг өз ишин ийгиликтүү аяктады.
Беш күнгө созулган тренинг Европа жана Борбордук Азиядагы өнөктөш жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүн, киберкоопсуздук адистерин, долбоордун координаторлорун жана эксперттерин бир аянтчага бириктирди. Иш-чаранын негизги максаты киберкоопсуздук боюнча билим берүүнү заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү, практикага багытталган окутуу ыкмаларын өркүндөтүү жана өнөктөш университеттердин институционалдык дараметин бекемдөө болду.

Тренингдин жүрүшүндө IoT жана булут технологияларынын коопсуздугу, фишингдик коркунучтарды аныктоо жана аларга жооп берүү, криптография, киберкоопсуздук боюнча заманбап окуу программаларын иштеп чыгуу, практикалык лабораториялык сабактарды уюштуруу жана CyberLab инфраструктурасын долбоорлоо маселелери кеңири каралды.
Программа эксперттик баяндамаларды, практикалык лабораториялык сабактарды, топтук иштерди жана интерактивдүү талкууларды камтыды. Катышуучулар өз жогорку окуу жайларында ылайыкташтырып колдонууга мүмкүн болгон лабораториялык моделдерди, окуу модулдарын жана практикалык тренинг пландарын иштеп чыгышты.
Ошондой эле долбоордун иш пакеттеринин аткарылышы каралып, киберкоопсуздук боюнча билим берүү программаларын өнүктүрүү, CyberLab борборлорун түзүү, сапатты камсыз кылуу, мониторинг жүргүзүү, долбоордун натыйжаларын жайылтуу жана келечектеги иш-чараларды координациялоо маселелери талкууланды.

Тренингдин жыйынтыктоочу этабында тармактык системалар, булут жана четки эсептөө инфраструктуралары, IoT чөйрөлөрү жана ачык булактуу куралдар үчүн киберкоопсуздук лабораторияларын уюштуруу боюнча практикалык сунуштар берилди. Лабораториялык сабактарды магистрдик программаларга интеграциялоого, баалоо критерийлерин иштеп чыгууга жана натыйжаларды сапатты камсыз кылуу процесстери үчүн документтештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулардын практикалык окутуу көндүмдөрү чыңдалып, баштапкы CyberLab жана тренинг пландары иштелип чыкты, ошондой эле Европа менен Борбордук Азиянын университеттеринин ортосундагы академиялык кызматташтык мындан ары да кеңейтилди.

Иш-чара жалпы талкуу, суроо-жооп сессиясы жана сертификаттарды тапшыруу аземи менен аяктады.
Cyber4CA долбоорунун өнөктөштөрү Мадрид политехникалык университетине, тренингдин эксперттерине жана бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана эл аралык тажрыйба алмашууга кошкон баалуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Жооп калтыруу