Cyber4CA эл аралык тренингинин кезектеги этабы практикага багытталган киберкоопсуздук билимине арналды

Испаниянын Мадрид шаарындагы Мадрид политехникалык университетинде өтүп жаткан Cyber4CA долбоорунун алкагындагы профессордук-окутуучулук курам үчүн эл аралык тренингдин кезектеги этабы киберкоопсуздук боюнча билим берүүдө практикалык ыкмаларды өнүктүрүү маселелерине арналды.

Окутуу сессияларын Румыниянын National University of Science and Technology POLITEHNICA Bucharest университетинин эксперттери өткөрүштү. Тренингдин жүрүшүндө жогорку окуу жайларында IoT жана булут технологияларынын коопсуздугун окутуу, киберкоопсуздук билим берүүдө федеративдик окутуу ыкмаларын колдонуу, ошондой эле аномалияларды жана киберчабуулдарды аныктоого багытталган практикалык лабораториялык сабактарды уюштуруу маселелери каралды.

Мындан тышкары, катышуучулар фишингдик билдирүүлөрдү аныктоо жана талдоо, электрондук каттардын техникалык баш саптарын изилдөө, киберинциденттерди баштапкы баалоо, иргөө жана аларга ыкчам жооп берүү боюнча практикалык сабактарга катышты.

Сессиялардын жүрүшүндө киберкоопсуздук боюнча заманбап окуу программаларын иштеп чыгууга, аларды практикалык сабактар менен толуктоого жана билим берүү процессин санариптик эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тренинг катышуучуларга алган билимдерин жана практикалык тажрыйбасын өздөрүнүн жогорку окуу жайларында колдонуу, лабораториялык сабактарды өркүндөтүү жана заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоого шарт түздү.

Күндүн соңунда интерактивдүү талкуу жана суроо-жооп сессиясы өткөрүлүп, катышуучулар киберкоопсуздук билимин мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара тажрыйба алмашты.

Бул тренинг Европа менен Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, практикалык билимди кеңейтүүгө жана киберкоопсуздук боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

Comments

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген